www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин чакыруусу боюнча 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барат. Бул тууралуу Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
“Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаров Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шариф, Президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) Спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) Төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт”, - деп белгиледи Сагынбек Абдумуталип.
Маалымат үчүн: Кыргызстан менен Пакистандын ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин Пакистан Ислам Республикасына акыркы расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.