www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммитинде эл аралык коопсуздук маселелери тууралуу айтып жатып, Украинадагы кырдаалга токтолду.

Жапаров билдиргендей, кыргыз тарап кандай гана чыр-чатак болбосун, сүйлөшүүлөр аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.

“Биз бул согушту токтотуу боюнча өз ара алгылыктуу чечим табууга өбөлгө боло турган ортомчулук аракеттерди жана тынчтык демилгелерди кубаттайбыз.

Кыргызстан аймактык бүтүндүк, суверенитет, мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөө принциптерин катуу карманат жана эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери менен ченемдерин сактоону жактайт. Биз бүгүн эл аралык мамилелердин жана коопсуздуктун дүйнөлүк архитектурасында болуп жаткан терең өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз", - деген президент, дүйнөнүн булуң-бурчтарында жарыша куралдануунун жана чыңалуунун очоктору пайда болуп жатканы бизди өтө тынчсыздандырат деди.

"Мындай шарттарда жаңы муундардын келечеги үчүн ар бир өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен глобалдык жана региондук коопсуздукту бекемдөөнүн үстүндө биргелешип иштөө маанилүү деп эсептейбиз. Бүгүнкү басма сөзгө жасай турган биргелешкен билдирүүбүздө Тышкы иштер министрлерине жана Евробирликтин Жогорку өкүлү Барель мырзага Европа Бирлиги менен Борбор Азиянын ортосундагы байланыштарды тереңдетүү боюнча Биргелешкен жол картасын ишке ашырууну жол-жоболоштуруп, алдыга жылдырууну тапшырабыз. Кызматташтыктын негизги багыттары боюнча менин сөзүмдө айтылган сунуштар бул документте эске алынат деп ишенем”, - деп сөзүн жыйынтыктады президент Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" экинчи саммити өтүп жатат.

Саммитке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов жана Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель катышууда.

Иш-чараны 100гө жакын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана 70 чет элдик журналист чагылдырууда.

Эске салсак, "Европа Биримдиги – Борбордук Азия" биринчи саммити 2022-жылдын октябрында Астанада (Казакстан) өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости