www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-июнда, Иорданиянын 28 жаштагы ханзаадасы Хусейн ибн Абдалла 29 жаштагы сүйүктүүсү менен баш кошту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, падыша Абдулла II`нин уулу мураскор Хусейн ибн Абдалла Сауд Арабиянын королдук үй-бүлөсүнө жакын бай бизнесмендин кызы Раджве аль-Саифге үйлөндү. 

Үч күнгө созулган салтанат Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Захран хансарайында өтүп, ага дүйнөнүн королдук үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле, саясий лидерлер жана таасирдүү бизнес өкүлдөрү катышты. Тойго жалпысынан 1700 конок чакырылган. 

Сыйлуу коноктордун арасында - АКШнын биринчи айымы Джилл Байден, Нидерланд өлкөсүнүн королу менен ханышасы, Улуу Британиянын ханзаадасы Уильям жубайы Кейт менен, Испаниянын королу Хуан Карлос I дагы болду.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости