www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушун ишке ашыруу Кыргызстан гана эмес, Борбор Азия аймагынын транзиттик потенциялын арттыруудагы маанилүү кадам” деп билдирди. Президент бул тууралуу 5-январда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада айтты.
Жапаров 2022-жылы Кыргызстанда кытай компанияларынын ишин калыбына келтирүү жана активдештирүү башталаарына ишеничин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда инвесторлорго жардам берилерине токтолду.
2002-жылы Бээжин темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Ал негиздеме боюнча темир жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Каттамдын узундугу 268 чакырым деп эсептелген.
Кыргызстандын аймагы аркылуу өтүп, Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун курулушу көп жылдан бери ишке ашпай келет. Темир жолду куруу боюнча демилгелер Өзбекстанда бийлик алмашкандан бери күчөп, сүйлөшүү жанданган.
Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген. Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт. Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.
Булак: NazarNews.kg