www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нааразычылык акциясына чыккандар Алматы эл аралык аэропортун басып алышты. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып Sputnik Казакстан агенттигинин Telegram каналы маалымдады.

“Митингчилер аэропортту басып алышты. Учурда кызматкерлер эвакуацияланып жатат”, — деп айтылат кабарда.

Эске сала кетсек, Казакстандын түштүк-батышында газдын кымбаттап кетишинен улам жыл жаңырары менен нааразычылык акциялары башталган. Газдын баасы 1-январдан тарта 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн. Жашоочулар айлыктын аз экенин эске алуу менен бааны 50-60 теңгеге түшүрүп берүүнү суранышкан.

Бийлик Маңгыстау жана Актөбөдө газдын литрин 50 теңгеге түшүрүүгө макул болгон. 4-январь күнү нааразычылык акциялары башка региондордо уланды. 5-январга караган түнү митингчилер менен күч органдарынын ортосунда кагылышуу чыкты. Демонстранттарды шаардын борборунан сүрүп чыгарышып, бирок алар көчөлөрдү аралап жүрүштү.

Эртең менен Токаев өкмөттүн отставкасын кабыл алган.

5-январь күнү түштөн кийин митингчилер басып алган алгачкы имараттардын бири Алматыдагы акимчилик болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости