www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров «Альянс» партиясынын мандатын бөлүштүрүү боюнча талашка аралашып, өз пикирин Facebook баракчасына жарыялады.

Анда өлкө башчысы айланасындагылардын каршылыгына карабай, жооп берүүнү туура көргөнүн айтат.

«Жанар иним, өзүңдүн ичиң толо арам болсо эле мени да өзүңдөй ойлобо. Тескерисинче, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кимдир бирөөлөр барып, «президент менен макулдаштык, Жанар Акаевди колдоп койсун деди», — дешиптир. Мен Нуржан Шайлдабековага «бир гана мыйзам талабы жана адилеттүүлүк менен чечкиле, эч ким силердин ишиңерге кийлигишпесин», — дедим. Ким барганын, атын да сураганым жок. Аны БШК төрайымы өзү айтсын",- дейт ал.

Биз шайлоо башталгандан бүгүнкү күнгө чейин БШКнын бир дагы ишине кийлигишпедик. Мыйзамсыз чечим чыгарышса, өздөрү керт баштары менен жооп беришет. Башынан эле ушундай талап коюп келе жатам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости