www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров

20-ноябрдагы Конституциянын сунушталган жаңы долбоору боюнча жарандык коомдун жыйынында парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңешти таркап кетүүгө чакырды.

“Азыр Садыр Жапаров "супер президент" болгусу келип атат. Жаңы Баш мыйзамда парламент болот, бирок чечим кабыл албайт деп жазылып турат. Андай болсо, парламенттин эмне кереги бар? Биз азыр жардын кырында турабыз. Европа Биримдиги акча берүүдөн баш тартты. Азыр депутаттар келерки жылдын бюджетин бекитип, өзүн-өзү таратышы керек. Бул эң жеңил жол. Өлкө үчүн өзүн-өзү таратууга барыш керек”, — деди К. Исабеков.

Эске сала кетсек, 17-ноябрда Конституциянын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга алып чыккан. Бул долбоор жарыяланары менен жарандык коомдун, саясий ишмерлердин, укук коргоочулардын кескин сынына кабылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости