www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Адил Турдукулов баштаган "Саясий репрессияларга каршы комитет" саясий туткундарга адилет сот чечимин талап кылып, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жасады.

Кайрылууда саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бактыбек Калмаматов сыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле маалда Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени айтылат.

"Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев дагы эле камакта жана үй камагында жатышат. Саясий чечимдердин айынан Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов президенттик шайлоого катыша албай, Баш мыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этет. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жогоруда аты аталган саясатчылар боюнча сот адилеттүүлүгүн, ачыктыгын президенттик шайлоого чейин камсыз кылууга чакырабыз. Бул жагдай өлкө ичинде жана чет жакта президенттик шайлоону расмий таанууга өбөлгө болот. Азыркы бийлик буга кызыкдар болушу керек" деп айтылат кайрылууда.

"Саясий репрессияларга каршы комитеттин" бул кайрылуусуна Талант Мамытов жетектеп жаткан Жогорку Кеңеш жана президенттик аппарат комментарий бере элек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости