www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саибжан Турдуев Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 13-январда шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду.

2-декабрдан бери Зорбек Бийзаев ишкананын жетекчисинин милдетин убактылуу аткарып келген. Турдуев 2020-жылдын 17-декабрына чейин Ош шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген. Берилген арызга ылайык кызматтан бошотулган.

Ал бул кызматты 2018-жылдын май айынан бери аркалап келгени маалым.

Эске сала кетсек, Турдуев «Бир Бол» партиясынын мүчөсү жана 2015-жылы шайлоодо Жогорку Кеңешке талапкер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости