www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Улуттук банкы телефон аркылуу алдамчылык фактылары жөнүндө эскертет.
Финансылык көзөмөл органынын маалыматына таянсак,Улуттук банктын дарегине алдамчылык фактыларына дуушар болгон жарандар кайрылууда. Алдамчылар жарандарга телефон чалып, өзүн Улуттук банктын кызматкери катары тааныштырып, ар кандай себептер менен алардан өзү жөнүндө жеке маалыматтарды, картасынын реквизиттери, CVV/CVC коддору ж.б. жөнүндө маалымат берүүнү өтүнүшкөн.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан жарандардан эч кандай жеке маалыматтар жана купуя маалыматтар талап кылынбай тургандыгы жөнүндө эскертет.
Ошондой эле Улуттук банкта жарандарга эсеп ачылбай тургандыгын, жеке адамдарды тейлөө жана калк менен акчалай эсептешүүлөр ишке ашырылбай тургандыгын билдирет.
Ушул себептен КР УБ жарандарды сак болууга чакырып, алдамчыларга жеке маалыматты бербөөнү өтүнөт.
Булак: NazarNews.kg