www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертүү берди

Саламаттык сактоо министрлиги элге тамак-ашка ууланып калуудан абайлоону эскертти. Мекеме уулануу курч оору экенин белгилеп, бат бузулчу азыктарды тизмектеп, тамак-ашты сактоо шарттарын аткарууга чакырды.

"Бул жагынан эң коркунучтуу тамак-аш азыктары болуп үй шартында даярдалган консерванттар, көп компоненттүү салаттар эсептелинет. Өзгөчө салатка майонез, каймак кошулган болсо бат бузулат. Мындан тышкары, каймак кошулган кондитердик азыктар, фарш жана балык азыктары (котлеттер, булочкалар, паста), шаурма да коркунучтуу тизмеде. Чала жуулган мөмө-жемиштер да ууланууга алып келиши мүмкүн", — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Тамак-аштан ууланууну жана ичеги-карын инфекцияларын алдын алуучу иш-аракеттер:

тамак-аш азыктарын уруксатсыз саткан жайдан албаңыз. Буга өзгөчө сүт, быштак, каймак, даяр тамактар кирет;

тез бузулуучу азык-түлүк (сүт жана колбаса азыктары, даяр салаттар, каймак кошулган кондитердик продукциялар) жана балдарга азык сатып алууда алардын жарактуулук мөөнөтүнө жана сактоо шарттарына көңүл буруу;

мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды колдонбоо;

бышкан тамак-аш менен чийки заттарды муздаткычка өзүнчө, атайын эрежелер менен сактоо;

жашылча-жемиштерди жакшылап жууп-тазалоо;

сактоо мөөнөтү өтүп кеткен, өңү өзгөргөн, кандайдыр бир бузулуу белгилери бар азыктарды баасы арзан болсо да сатып албоо;

консерваларды сатып алууда банканын бүтүндүгүнө, эч жерин дат баскан-баспаганына, этикеткасына көңүл буруу;

тамак-аш даярдоодо гигиенаны сактоо.

Тамактан уулануунун белгилери болсо дарыгерге кайрылуу зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости