www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирусту жуктургандар менен байланышкан казакстандыктарга издөө салды. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазып чыкты.
“Биздин азыркы милдет-эки бейтап менен байланышта болгондорду, учакта чогуу учуп келгендерди издеп, табуу. Азыр ушул маселе боюнча иш-чаралар жүрүп жатат.
Илдетти жуктургандар менен байланышкандар табылгандан кийин тыкыр текшерүүдөн өткөрүлөт. Азыр алар жөнүндөгү бардык маалыматтар чогултулуп жатат.
Ушул тапта биз учак менен учкан жүргүнчүлөрдү тактап, алар менен байланышта болгондорду да аныктап жатабыз. Чынжырча системасы боюнча жабыркагандар табылып, алар изоляцияланат”,-деп айткан Саламаттыкты сактоо министри Биртанов.
Эске сала кетсек, 13-мартта Казакстанга учуп келген 2 германиялык жарандардан (бири 1974-жылы эркек, 2-194-жылы туулган аял) коронавирус илдети аныкталып, учурда алар карантинге алынгандыгы кабарланды. Азыркы мезгилде алар Нур-Султандагы жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылгандыгы кабарланды.
Булак: NazarNews.kg