www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Дональд Трамптын коронавирус менен күрөшүүдө чара көрүү катары Европага кирүүгө тыюу салынат деген билдирүүсү дүйнөлүк каржы рыногунда  “паника” жаратып, баалардын, ошондой эле америкалык компаниялардын кулашына себеп болду. Бул тууралуу “Комерсант” басылмасы жазып чыкты.

Басылманын маалыматына ылайык,  АКШ көрсөткүчтөрү 8,8-9,6%га, европалык-12-16%га, ал эми россиялык- 8,3-11%га түшүп кеткен. Рыноктун катышуучулары 2008-жылдан баштап мындай “паниканы” көрө элекбиз деп белгилешти. Нью-Йорктун Федерал резервдик банкынын кыска мөөнөттүү баалуу кагаздарды сатып алуу 500 млрд долларга кымбаттап кеткенде да кыска мөөнөттө калыбына келтирилген.

“Азыркы кризис кредиттик демилгелердин кадамы менен өтпөйт, коронавируска каршы вакцина табыш керек”,-деп Металлинвест банкынын валюта жана акча рыногунун жетечиси Сергей Романчук билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости