www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдик дарыгер, табып Хашим Зайналиев Фейсбук баракчасы аркылуу жалпы кыргыз элине жана бийлик өкүлдөрүнө дүйнөнү дүңгүрөткөн, Кытай мамлекетинен тараган коронавирус эпидемиясы тууралуу кайрылуу жасады.

"Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жээнбековго

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри М. Абылгазиевге

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри К. Чолпонбаевге

Бисмиллахир рахманир рахим! Аввалан бар, бул жазылган пост баарыбызды жараткан Аллахымдын ыраазычылыгы үчүн болсун! Эл-журтка пайдасы тийсе, Кыяматта Аллахым сообун берсин!

Урматтуу мекендештер! Сөзүмдү айтаардан мурда, СССРде 1977-1978-жылдары болсо керек (мен адашсам оңдоп коёрсуңар) грипптин эпидемиясы каптаган эле. Анда да өтө катуу чаралар көрүлүп, кайсы бир химиктин дарысы (ал – химиктин дарысы азыр да өндүрүштө чыгарылат) бүтүндөй чоң өлкөнү грипптен арылткан эле. Мен анда 8-9 жашта болсом керек, бул гриппке чалдыгып, мурун тараптан демим кысылса ооз аркылуу, оозуңдан кысылса мурун менен дем алып, кыйналып жатканымда мурунга, оозго кайсы бир ампуланын суюктугун врачтар тамызганда дем кысылуу жоголуп, уктап калгамын. Эртеси ойгонсом, бүтүндөй грипп кетип калган экен. Азыр түшүнсөм, ал коронавирустук семействого кирген вирустар козгогон-грипптик эпидемия болгон экен. Муну эскерип жатканымдын себеби, кокусунан Кытай коронавирусу өлкөнү каптап кетсе, бейтаптарга бериле турган дары-дармектер Кыргызстанда барбы?- деген суроону Кыргыз өкмөтүнө, Саламаттыкты сактоо министрине бергим келип жатат. Аны дарылай турган методдор менен процедуралары менен кыргыз врачтары тааныштыгы барбы? Аны үйрөндүбү? Мен ойлойм, ушул суроо көпчүлүктүн да тынчтыгын алып жатса керек.

Мындан тышкары, Бүткүл дүйнөлүк банктын рекомендациясы жана каржылоосунда жүргөн 1995-жылда башталган, улуттук Манас 1, 2 жана 3 долбоору Союз мезгилинде эң сонун түзүлгөн. Саламаттыкты сактоо системасын бүлгүнгө учуратканын барыбыз билебиз! Жаңы система калыптана электигинен барыбыздын кабарыбыз бар. Анын кесепетинен билимдүү, тажрыйбалуу врачтар мигрант болуп, сыртка чыгып, айрымдары ишин таштап кеткен. Алардын ордуна экзамен, зачетторду пара менен тапшырып, эптеп-септеп диплом алгандар ээлеп калганын эске алайлы. Ошондуктан закондуу суроо туулат. Урматтуу министр Космосбек Чолпонбаев! Кокусунан коронавирус өлкөдө таркап кетсе, бейтаптарды дарылай турган иш билги, билими бар, тажрыйбалуу врачтар барбы? Болсо, алардын саны канча? Же сан эсебине деп, эптеп-септеп диплом алгандарды дежурствого байлап койдуңузбу? Президент же премьер-министр текшерсе, көрсөтө калганга!

Урматтуу министр сиздин кесибиңиз боюнча фармацевт-провизорсуз, врач эмессиз? Сиз коронавирустун инкубациялык убактысы өткөндөн кийин, боор бөлүп чыгара турган, бөйрөктүн функцияларын аткарууга мотивация кыла турган, ангиотензиндик гормондорду блокировка кылаарын билесизби? Анын кесепетинен бөйрөктөгү кандын реабсорбциясын интенсивдүү түрдө азайтып, бөйрөктүн клубочкасында жана нефрондорунда кислотно-щелочной балансты бузуп, өпкөнүн исиркектериндеги (альвеолы) лимфатикалык суюктуктун кайра кайтуусун (отток) токтоткондо, өпкөнүн исиркектерин бетиндеги сурфактанттык чел кабык бузулуп, анын бетин лимфатикалык суюктук каптап, бейтап өлүмгө барарынан кабарыңыз болсо керек. Айтып жатканымдын себеби, сизге түшүндүрүп бергендей, дежурствого ар түрдүү профилдеги врачтардын болуусун шарт экенин түшүнсүн деген ниетте айтып жатам. Тактап айтканда, инфекционист врачтан тышкары, гастроэнтеролог, терапевт, уролог, нефролог, кардиолог, пульмонолог ж.б профилдеги врачтар тартылганбы? Мындан сырткары, инфекция жугузган бейтаптагы патологияларды мониторинг кылып турууга зарыл болгон жабдыктар: УЗИ, бронхоскопия, дем алдыруу аппараттары, ЭКГ жана ЭхоКГ, гемодиализдик, томография, врачтар жана бейтаптар үчүн палаталык жабдыктар менен жабдылганбы?

Дагы бир маанилүү маселе. Кыргызстандагы жеке лабораториялар коронавирусту аныктоочу тести жок экенин билесизби? Эгерде сиз билсеңиз, анда Республикалык санитардык-эпидемиологиялык борбордун алдындагы вирусологиялык лабораторияга тест алынып келингенби? Ал лабораториядагы персоналдар тестти иштетүүнү үйрөнгөнбү? Кокусунан инфекцияны жугузган бейтаптын канынын сывороткасын алып барса, анализдеп таба алабы? Кокусунан, инфекцияны жугузган бейтапта вируска карата антитело иштелип чыкса, аны аныктай алабы? Анын айыкканын, вирустун кандан жоголгонун тастыктап бере алабы? Кокусунан сакайган бейтапта рецидип болуп калса, анализдердин спецификасы боюнча аныктап бере алабы?

Дагы көңүл бөлө турган маселе. Кокусунан коронавирус эпидемияга өтүп кетсе, бейтаптарды дарылоодо пайдалана турган дары-дармектердин реестири түзүлгөнбү? Мен жаңылып калуум мүмкүн, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы дары-дармектердин склады жок болгондуктан, ал кайсы жерде кармалууда? Кармалып жаткан дары-дармектердин склады, дары-дармектерди сактоонун талаптарына жооп береби? Аны ким контроль кылат? Же жеке фармацевтикалык фирмалардын кимисине милдеттендирилген. Милдеттендирилген фармацевтикалык фирма, ал жеке структура болгондуктан, анын өз милдетин аткаруусуна кепилдик барбы?

Урматтуу өлкө башчылары!!! Саламаттыкты сактоо министри К.Чолпонбаев жана министрликтин кызматкерлери менин атымды укканда, алардын денесине аллергия каптайт. Эл анын ичинде мен министирликке ишенбеймин!!! Сиздер медицина тармагындагы адис эмессиңер!!! Ошондуктан бул тармактын чирип баратканын, коррупция гүлдөп жатканын, бул тармак элдин саламаттыгы эмес, элдин акчасын сорууга ылайыкташканын менчелик түшүнбөсөңөр керек. Мен силерден мен койгон суроолор боюнча инспекция жасооңорду суранамын.

Урматтуу өлкө башчылары!!! Эл-журтка, силердин кол алдында иштеген кызматкерлер, эпидемия коркунучу бар болгондуктан, биринчи орунда керектеле турган азык-түлүктөрдүн кампадагы запазы канчалык экенин билдирип, азык-түлүк коопсуздугу тарабынан канчалык камсыздалганыбызды билдирип койсоңуздар!!!

Айланайын эл-журт!!! Мен Сиздерге бул апаат чыккандан бери эле, бул вирус жөнүндө маалымат берип келе жатамын. Азыр да силерге кайрыламын. Алдыда эпидемиянын коркунучу бар болгондуктан, той-аш берүүнү токтотуп, топтолуп чайканада аш жегенди кое турсаңар. Ага кете турган каражаттарды ден соолукту чыңдай турган экологиялык жактан таза продуктылар менен тамактанып, ден соолугуңарды, эң оболу иммунитетти чыңдасаңар. Айрыкча, менин оштук жердештерим, рациондогу көк чай менен нанга витаминдүү тамак-аштарды кошкула, жок эле дегенде ушул эпидемиянын коркунучу кеткенге чейин. Айланайын инилер, карындаштар!!! Массондор чыгарган “Кока-Кола” “Пепси” шоколад ж.б жеп-ичкенди убактылуу кое туруп, ден соолукка пайдалуу Ата Мекендик өндүрүш чыгарган ичимдиктер, тамак-аш азыктарын жегиле!!! Алардын ичинен кымыз, максым, сүмөлөк, сабиз, кызылча жана аларды аралаштырып, алманын ж.б ширелерди көбүрөөк ичкиле!!!

Айланайын Бишкек шаарынын тургундары!!! Шаарда туруунун зарылчылыгы болбосо, жайында ала турган отпускаңарды азыр алып, үй-бүлө, бала-бакыраны алып, айыл ападан кабар алып, ошол тарапта жашай турсаңар, бул балээден оолак болгон болоор элеңер!!!

Айланайын мусулман бир тууганым!!! Намазга даарат алууда сүннөттү толук аткар, бул сенин балээден коргонгонуң болот. Үй-бүлөңө динди орнот, үйүңдө куран оку, бир туугандарыңды, тели-теңтуш досторуңду динге чакырып, даават кыл. Аллахтын ыраазылыгы үчүн Аллахымдын жолунда мал-мүлкүң менен курбанчылык кыл!!! Ар бир динсизге динди жеткирели, даваатты күчөтөлү, мына ушунда бул балээден Аллахым бизди өзү коргоого алат.

Силерди сыйлоо менен табып Хашим Зайналиев".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости