www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте эки кыз дүкөндөн жасалма акчага шоколад алууга аракет кылышты. Бул тууралуу жабырлануучу видеосун жарыялап, окуя тууралуу буларга токтолгон.

Маалыматка караганда окуя, 12-март күнү саат 20:00дөр чамасында Бишкектин Суюмбаев көчөсүндө жайгашкан кичи дүкөндөрдүн биринде болгон. Анда эки кыз жасалма акчага шоколад жана суу алууга аракет кылып, сатуучуга 2000 сом өлчөмүндөгү акча берген. Бирок, сатуучу акчанын жасалма экенин байкап калып, кыздарга эскерткенде гана баланын колунан акчаны жулуп алып, качып кетишкен.

Алдамчылык менен алектенип жүргөн кыздарга башкаларда алданып калбашы үчүн, бул видеону жарыялаганын кошумчалаган автор.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости