www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калктын укуктук маданиятын жогорулатууга жана юридикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган “Тилектештик автобусу” 1 миңдей жаранга укуктук жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрдагы маалымат жыйында Юстиция министрлигинин Адвокатура жана укуктук пропаганда башкармалыгынын жетекчиси Салтанат Жарсул кызы билдирди.

Анын айтымында, “Тилектештик автобусу” мамлекеттик органдардын кызматкерлеринен турган мобилдүү топ 12-ноябрдан 16-декабрга чейин жарандарга акысыз укуктук кеп-кеңештерди берүүдө.

“Министрликтин “Тилектештик автобусу” учурда Ош жана Чүй облустарында иштөөдө. Анда Юстиция, Соцөнүктүрүү министрликтеринин, Соцфонд, Каттоо, нотариус, кызматынын өкүлдөрү иштейт. Ал автобустардын кыдыруу мезгили тууралуу маалыматты министрликтин расмий сайтынан алсаңыздар болот”, – дейт ал.

Салтанат Жарсул кызы кошумчалагандай, “Тилектештик автобусуна” жарандар үй-бүлөлүк, жер жана эмгек маселелери боюнча кайрылышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости