www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жаманды көрмөйүнчө-жакшынын баркын билбейсиң!" Акыркы окуялардан улам, уюткулуу улуу элдин уулдарына акыл - эс, ар – намыс, эл - жерге тынчтык тилеп Ала-Тоонун тамыры солкулдап, ар бир кыргыздын жүрөгү ооруп турат. Алакандай элибизге тынчтык керек. Кыргызстан бул күндөрдө чоң сыноодон өттү. Улуу ойчул Конфуций "Төрөлүү жана өлүү тагдырга жазылган, ал эми атак-даңк менен байлык - бул Кудайдан"- деген. Калк башкарып "Хан" болуу да улуу жараткандын буйругу. Тагдыр табыштаган жоопкерчиликтүү жол оңой болбосун да билебиз.
Урматтуу Сооронбай Шарипович! 4, 5 күндөн бери Аллахымдан башыңызга чоң сыноо келди. Жаштардын күчүн, энергиясын, жаштардын жаштыгын пайдаланып, түпкү максаты бийликти көздөгөн түрдүү саясий күчтөр өлкөбүздүн тынчтыгына бүлүк салып, башаламандык жаратышты. Бирок баарын теңдеп карап турган улуу жараткан бар. Сиздин күнүнө беш маал башыңызды саждага коюп окуган намазыңызда, тилеген ыйык тилегиңизде кыргыз элинин тынчтыгы, жаркын келечеги бар экенине, Кудай алдында абийириңиз аруу, дилиңиз таза экенине ишенем.
Алакандай кыргызды сай-сайга бөлүп, арсыз максаттарын ишке ашырууну каалаган эрендердин элине канчалык күйгөнүн көрдүк, бир бүтүн журтту түндүк-түштүккө бөлгөн трайбалисттердин анык жүзүн көрдүк. "ЭЛИМ" деп сүйлөгөн жалган патриоттордун максаты БИЙЛИК, БАЙЛЫК, МАНСАП, КЫЗМАТ экенин көрдүк, баатыр болгон азаматтардын чыккынчылыгын көрдүк!
Кыргыз Республикасын ЛИГИТИМДҮҮ ПРЕЗИДЕНТИ сизсиз! Эл тандаган Ажо сизсиз!
Мекен жалгыз! Кыргызстан бирөө гана! Мекенге тынчтык керек! Бизге сиз керексиз. Дагы бир жолу акылдуулугуңузду, сабырдуулугуңузду, тажрыйбалуулугуңузду көрсөтүп өлкөбүздү сактап каласыз деп ишенебиз! Бардык иштер мыйзамдуу жол менен, укук талаасында гана чечилээрине ишенгим келет! "Адам аласы ичинде"- дейт айланаңыздагы абийири ылайланган, амалкөй адамдардын ак, карасын билип алдыңыз, ар бирине Кудайдан жетсин!
Эл көрөгөч, эл калыс! Сиздин эмгекти тарых тастыктасын! Тынчтык жолунда өлкө башында өзүңүздүн жана эл тандаган, ПРЕМЬЕР-МИНИСТР Садыр Жапаровдун чындык туусуна биригип Кыргызстаныбыз, эл журт оор күндөрдөн чыгалы. Өлкөдө тынчтык орносун! Жүрөгүмдө Кыргызстан”
Сизди терең урматтап, Самара Каримова
Булак: NazarNews.kg