www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга эскертүү берди. Мекеменин басма сөз кызматы 10-октябрда тараткан билдирүүдө алар судьяларды жана абак администрациясын “ур-токмокко алабыз, өлтүрөбүз” деп коркутуп, жазасын аткарып жаткан жайлардан мыйзамсыз түрдө чыгып кетишкенин маалымдады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.
Ошону менен катар башкы көзөмөл органы абактан мыйзамды бузуп чыгып кеткендерге карата Жазык кодексинде жаза чаралары каралганын эскертти. 6-октябрга караган түнү абактан мыйзамсыз чыгып кеткендерден өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, эгер бул талап аткарылбаса катуу чара көрүлө тургандыгын кабарлады.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имаратка кирип баруу менен аяктаган. Ошондо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар абактан чыгышкан. Мындан тышкары бир катар башка адамдар да чыгып алышкан, алардын арасында 10-октябрда премьер-министр болгон Садыр Жапаров да бар болчу. Жапаровдун жактоочулары анын бошонуусу мыйзамдуу болгонун белгилеп жатышат. Атамбаев жана анын тарапкерлери 10-октябрда кайра камалышты.
Булак: NazarNews.kg