www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгон тарап 6 күндөн бери Кыргызстандын будуң чаңын чыгарып, млндогон чыгаша кылышты. Башында алардын чын эле шайлоонун жыйынтыгына нараазы болгонуна ишенгебиз. Жыйынтыгында алардын накта жүзүн көрдүк. Бул жерде мен КР Президенти Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылык билдиремин. Сабырдуулугуна чек жок инсан экен. Болуп өткөн баш-аламандыкка чекит коюп, баарын мыйзамга такап, Садыр Жапаровдун саясый кадамына чоң салым кошту. Ошондой эле камактан чыгып кеткен досу Алмазбек Атамбаевди жана тобун кайрадан камакка алып, мамлекетке бүлүк салган арам ойлуу саясатчыларды кайрадан чээнине киргизди. Бул президент Сооронбай Жээнбековдун эрктүүлүгү десек болот. Буга чейин Сооронбай Жээнбековдон башка бир дагы саясатчы мындай кадамдарга барган эмес. Президент мындан ары ордунда калып кызматын улантышы зарыл, менин бул оюмду көпчүлүк кыргыз эли колдойт. Кыргызстанга сабырдуулук менен стабилдүүлүк орнотуп берген Сооронбай Жээнбековго чоң рахмат! – деди Урмат Акунов.
Эске сала кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Жыйынтыгында шайлоого нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарын талкалоо менен аяктаган. Андан соң митингдин уюштуруучуларына президент атайын Кайрылуу жасаганы менен бир пикирге келише алган эмес. Баш аламандыктын айынан Атамбаев баштаган бир топ адамдар камактан чыгып кетишкен. Бүгүн, 10-октябрда Атамбаев жана анын тарапкерлери кайра камалышты. Башкы прокуратура 6-октябрга караган түнү абактан чыккандарга өз ыктыяры менен кайра кайтууну талап кылып, талап аткарылбаса катуу чара көрүлө тургандыгын кабарлады.
Булак: NazarNews.kg