www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургдун Адмиралтейский районунда 31 жаштагы кыргызстандык аял полицияга жердеши аны зордуктап, тоноп кеткенин билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Алардын айтымында, 28-июнь күнү саат 01:45те Розенштейн көчөсүндөгү №1а үйдөн бир аял милициянын отрядын токтотуп, кылмыш тууралуу билдирген.

Кылмышка шектүү 27 жаштагы Кыргызстандын жараны 15 мүнөттөн кийин аталган үйдүн короосунан кармалган.

Маалым болгондой, үйдөн жүз метр алыстыкта ​​жайгашкан бош жерде мигрант чогуу спирт ичимдиктерин ичкен соң жердешине физикалык күч колдонуп, зордуктап, андан соң паспортун, уюлдук телефонун жана акчасын уурдап кеткен.

Бул факты боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси – “Тоноо”, “Зордуктоо” жана “Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер” боюнча кылмыш иши козголду.

Бирок жабырлануучуга да административдик протокол түзүлгөн. Текшерүү учурунда ал миграциялык режимди бузганы белгилүү болуп, ага айып пул салынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости