www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экстремизм бүгүнкү күндө коом үчүн чоң коркунуч болуп саналат. Аны менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолдорунун бири-экстремисттик уюмдарды каржылоо каналдарына бөгөт коюу. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүктү каржылаган жаранды аныкташкан.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда “Чет өлкөлүк коомдук бирикмелерден, диний же башка уюмдардан же чет өлкөлүк жарандардан алынган финансылык же башка материалдык жардамды колдонуу менен  экстремисттик мүнөздөгү материалдарды даярдоо, таратуу”  боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.  

Экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүктү каржылаган, тактап айтканда, “Джамаат ат-Таухид валь-Жихад” террористтик уюмунун ишмердүүлүгүн колдоо максатында каржылык жана башка кызматтарды көрсөткөн деген айып менен Ош шаарынын тургуну Ш.Н. кармалды. 2016-жылы Ош шаардык сотунун чечими менен бул уюмдун ишмердүүлүгү террористтик деп табылып, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин ЭММКАКтын кызматкерлери радикалдык агымдардын көз карашын карманган жаран Ш.Н. Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарда экстремисттик жана террористтик уюмдардын ортомчуларынын пайдасына акча каражаттарын топтоо, андан соң которуу менен алектенип жүргөндүгү боюнча маалыматтарды алышкан.  

Ал, 2020-жылдын мартынан 2022-жылдын 20-майына  чейин Кыргызстанда жүргөндө экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүктү каржылоо үчүн банктык которуу системалары, анын ичинде чет өлкөлөрдүн банктары аркылуу 2 миллион рублдан ашык суммадагы акча каражаттарын жөнөткөн.

Бул факты боюнча ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматына Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынан  ыкчам маалымат келип түшкөн.

Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигинин  Экстремизмге каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы менен биргеликте жаран Ш.Н. жана башка жарандарга таандык банк картасынын реквизиттери такталган.

Бул карталар аркылуу Сириядагы согуштук аймактарда жайгашкан адамдарга акча которуулар жүргүзүлгөн. Россиянын укук коргоо органдары террористтик ишмердүүлүктү каржылаганы үчүн жаран Ш.Н. менен түз байланышта болгон Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарын кылмыш жоопкерчилигине тартышкан.
Ошол эле учурда Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын тургундары болуп саналган, каражат чогултууга жана экстремисттик иш-аракеттерди каржылоого салым кошкон Кыргыз Республикасынын башка жарандары аныкталды. 

Кармалган жарандын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүү учурунда акча которуулар боюнча кат алышуулар, Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Өзбекстандын ислам кыймылы, Ирактын жана Ливандын ислам мамлекети, Джамаат Таухид Валь Жихад, Жанат Ошиклари идеологиясына мүнөздүү көп сандагы материалдар камтылган электрондук каражаттар (ноутбук, уюлдук телефон) табылып алынды. 

2022-жылдын 24-июнунда жаран Ш.Н. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 2-3-5-бөлүктөрүндө (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо), 332-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу), 253-беренесинин 1-2-бөлүгүндө (Террористтик ишти каржылоо)  көрсөтүлгөн кылмыштарды жасоого шектелип кармалды. 

Кармалган адам тергөө абагына камакка алынды. Учурда мындан аркы  ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости