www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эртең борбордук бир нече көчө жабылат

Бишкекте Чүй проспекти Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул "Чек талап кылып байге утуп ал!" лотереясын ойноткон иш-чарадан улам болууда. Борбордук аянттын айланасына саат 17:00дөн 00:00гө чейин автоунаалар жакын келип токтой алышпайт.

Эртең, 1-июлда, "Ала-Тоо" аянтында лотерея ойнотулат, анда көрүүчүлөр концертке жана кызыктуу шоу-программага күбө болушат. Алгачкы турда эки автоунаа, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүн.

Бул акция ишкерлерге кассалык көзөмөл тартибин камсыздоо, аларды ар бир соода кылган же кызмат көрсөткөн сайын касса чегин сөзсүз берүүгө көндүрүү максатын көздөйт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости