www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БУУнун Адам укуктары боюнча мониторинг миссиясынын башкармалыгы 29-июнда Украинадагы согуштун жүрүшүндө адам укуктары бузулган учурлар тууралуу баяндамасын жарыялады.

БУУнун эксперттери согуш баштаган 24-февралдан 15-майга чейин 3 924 жайкын тургун өлүп, 4 444 киши жарадар болгонун катташкан. Бирок курмандыктардын саны мындан да көп болушу мүмкүн, анткени баяндамада миссиянын адистери толугу менен ырастай алган адамдар тууралуу гана маалыматтар жазылган.

БУУнун мониторинг миссиясы бул аралыкта орус аскерлери Украинанын согуш болбогон 30 шаарында 300дөн ашык жай тургунду өлтүргөнү тууралуу маалыматтарды алган. Мында кеп качкындар бараткан автоунаалардын аткыланышы, ошондой эле орус тарап Украинанын Куралдуу күчтөрүнө иштейт деген шек менен өлтүргөн адамдар жөнүндө болууда. "Буча шаарында эле оккупацияда турган маалда Орусиянын куралдуу күчтөрү бери дегенде 50 жай тургунду өлтүргөнү документалдык түрдө аныкталды", –деп жазылган баяндамада.

Мындан тышкары БУУнун өкүлдөрү 108 сексуалдык зомбулук учуру, анын ичинде 78 зордуктоо учуру тууралуу маалыматтарды алышкан. Миссия алардын 23үн ырастаган. Арасында топтолуп зордуктоо, кыйноо, сексуалдык зомбулук көрсөтүү тууралуу коркутуулар жана эл алдында чечиндирүү учурлары болгон. Мындай учурларга кабылгандардын 13ү эркектер, тогузу аялдар жана бирөө кичинекей кыз болгон.

"Бул кылмыштардын көбүн (87) орус аскерлери жасаган. Бирок айрымдарын Украина Куралдуу күчтөрүнүн, тероборонанын (аймактык коргоо бөлүмдөрү) жана украин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да жасаган", – деп жазылган БУУнун баяндамасында.

Мындан тышкары баяндамада эки тарап тең аскердик туткундарга мамиле кылуу эрежелерин бузганы белгиленген. БУУ сотсуз өлтүрүү, кыйноо, начар мамиле кылуу жана медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу учурларын каттаган.

Ошондой эле миссия согуштук аракеттердин жыйынтыгында 182 медициналык жана 230 билим берүү мекемеси талкаланып же зыянга учурагынын аныктаган.

"БУУну орус аскерлери басып алган аймактарда жай тургундар кармалып, уурдалып жатышы тынчсыздандырууда. Эксперттер мындай 248 учур болгонун ырастап, алардын алтоонун (бир аял жана беш эркек) сөөгүн табышкан. Мындан тышкары миссия украин тарап 12 адамды уурдаганын аныктады", – деп жазылган баяндамада.

БУУнун маалыматына ылайык, июндун аягына карата Украинада 4 731 жайкын тургун өлүп, дагы 5 900 адам жаракат алды. Каза болгондордун арасында 289 кичинекей бала бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости