www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы боюнча предметтик стандарт бекиди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын нормаларына ылайык жана “КР мектептеринде жалпы орто билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын” негизинде иштелип чыкты.

Бул стандарт “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети боюнча билим берүүнүн мамлекеттик минималдуу мазмунуна жана 7-8-9-класстардын окуучуларынын даярдык деңгээлине коюлган талаптарды белгилейт.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” окуучуларга диндер жана алардын мазмуну, коомдук мамилелер, адеп-ахлак, улуттук баалуулуктар жөнүндө түшүнүк берет. Окуучулар диндердин тарыхын жана келип чыгышын изилдеп, диний окуулардын маңызын түшүнө башташат: диндердин маанисин, алардын азыркы коомго тийгизген таасирин жана тенденцияларын талдоо менен окуучулардын мамилеси калыптанат, айлана-чөйрөдө өзүн алып жүрүүгө, сабырдуулукка үйрөнүшөт.

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предметтик стандарты КРдагы кыргыз, орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде окуткан бардык окуу жайлар үчүн бирдей.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости