www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлүм жазасы көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде колдонулуп, ал эми чабал, артта калышкан мамлекеттерде алынып салынган жазалоо чарасы. Эмне үчүн «демократиянын чемпиону» АКШ, аны менен кошо Евробиримдик алы жеткен дүйнөдөгү бардык мамлекеттерге өлүм жазасын алып салууну таңуулайт да, өздөрү мыйыгынан жылмайышып өлүм жазасына тийишкиси келишпейт. Эмне үчүн АКШ, Англия, Япония, Кытай, Сауд Аравиясында жана башка өнүккөн мамлекеттерде өлүм жазасы колдонулуп келатат?
Анткени, мындай жазалоо чарасы жаратылыш мыйзамдары менен чырмалышкан жана табиятта өз алдынча баланс түзүп, жазалоонун ырайымсыздыгынын, жоопкерчиликтүүлүгүнүн жана каардуулугунун бетин ачып, ченемин көрсөтүп турат.
Эгер мындай болбосо, бул көйгөйдүн башка тарабынан карап көрөлү. Өлүм жазасы Тоорат, Инжил, Куран сыяктуу китептердин ыйык жазууларында жогору жактан Кудайдан берилген. Бизде диний ишенимдер бардыгынан адилеттүү болушуп, адамкерчиликтин жогорку нормаларына жатарын билебиз. Эгер Кудайдын өзү өлүм жазасын колдонуу зарылчылыгына ыйык жазууларында уруксат берип жатса, анын айткандары демек туура. Же жокпу? Эгер биздин батыштын эксперттери өлүм жазасын жоготуу зарылчылыгын жактап «далилдеп» берип жатышса, демек алар кудайдан да гумандуу жана адамкерчиликтүү болуп калышабы? Өлүм жазасы – коомдун жана табияттын мыйзамдары менен чырмалышкан, акыйкатчылыкты, балансты, тартипти жана өнүгүүнү орнотот.
Булак: NazarNews.kg