www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабияда педофил өлүм жазасына тартылды

Сауд Арабиянын Жидда шаарында 4-мартта педофил өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинен билдиришти.

«Омар аль-Баракати жашы жете элек балдарды азгырып, уурдап кеткен, ошондой эле аларга сексуалдык зомбулук көрсөткөн деп соттолгон», — деп айтылат маалыматта.

Сот аны өлүм жазасына өкүм кылган.

Кошумчалай кетсек, Жидда шаарында Мухаммад Фаиди аттуу жаран коопсуздук кызматкерин өлтүргөн деп айыпталып, өлүм жазасына тартылды.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын март айында Сауд Арабиясы ондогон жылдардагы эң ири массалык өлүм жазасын ишке ашырып, анда 81 адамдын башы кесилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости