www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиялык сейсмологдор Стамбулда катастрофалык жер титирөө болорун айтышты – мегаполис Анадолу менен Евразиянын тектоникалык плиталарынын кесилишинде жайгашкан. Бул тууралуу zamon.uz сайты жазып чыкты.
Эксперттердин айтымында, күтүлүп жаткан Стамбул жер титирөөдөн улам келип чыгышы мүмкүн болгон кыйроолор экономикалык жана социалдык кесепеттери боюнча Кахраманмараштагы жоготуулардан ашып кетет.
Алсак, Стамбулдагы имараттардын 70 пайызы 2000-жылга чейин курулган. Белгиленгендей, акыркы жер титирөөдө бир нече жыл мурун «сейсмикалык туруктуу» деп курулган люкс комплекстердин баары талкаланган.
Буга чейин Түркия өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар бөлүмү Кахраманмараш, Османия, Хатай, Килис, Газиантеп, Диярбакыр, Шанлыурфа, Адана, Адыяман, Малатия жана Элазыгда болгон жер титирөөдө жалпы 38 миң 44 кишинин каза болгону айтылды.
Булак: NazarNews.kg