www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билип-билбей, айрым директор менен жакшы болуп алып, реформа кылайын деп мамлекеттик масштабдагы иш-чараны баштаган министрге бут тосуп, жөн жерден шыбай бербейли. Мындай пикирин журналист Семетей Талас уулу өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

“Урматтуу туугандар, буга чейин 20-30 жыл иштеген, "түшпөс ханга" айланган мектеп директорлорун жумуштан алуу чоң көйгөй болуп келген. Билим берүү министри "мектепти менчиктеп алган, арасында акчаны күрөгөн коррупционер директорлорду качан жумуштан алат?" деген маселе жыл сайын көтөрүлчү.

Мыйзам боюнча, эмгек кодекси, укуктуу талаа алкагында караганда мектеп директору каржылык же эмгек кодексин бузганда гана кылмыш иши козголуп, анын негизинде жумуштан алынчу. Ошондо дагы, айыл, райондордун мектеп директорлорун райондук билим берүү (райОНО) бөлүмүнүн башчылары жергиликтүү бийлик башчылары менен кеңешип коюшчу. Бишкек шаарында мектеп директору айтылган негизде, сот тарабынан кылмышы далилденсе гана Бишкек шаардык Билим берүү башкармалыгы тарабынан жумуштан алынчу. Министрликтин тээ алыскы айылдагы бир тажаткыр директорду жумуштан алуу колунан келчү эмес. Себеп дегенде, мыйзамдар ушундай жазылып калган. "Карга, карганын көзүн чукубайт" деген коррупциялык механизм иштеп турганда, бир жеп-ичкич директорду жумуштан алуу оңой эмес эле.

Эгерде, Билим берүү министрлиги өз бетинче, 5 жылдан ашык иштеген директорлорду жумуштан ала баштаганда, ал маселе республикалык деңгээлдеги ажиотажга айланып, кыйкырык-сүрөөн менен коштолуп, директорлор биригип алып, министрликти сотко берип, ал процесс 2-3 жылга уланып, аңгыча министр кызматтан кетип, тигилер жогорку жактагы тааныштарынын жардамы менен (элементардуу мектебиндеги окуучу балдардын таасирдүү ата-энелери аркылуу деле-автор) кайра эле директорлук кызматына кайтып келишмек. Ошентип, бул проблеманын дыңын бузуу - айсбергди жарып өтүүдөй оор машакат болуп турган.

Президент Садыр Жапаровдун "Мектеп директорлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө" жарлыгы дыңды бузду.

Эми, 5 жылдан ашык мөөнөттө иштеген директор тандоо конкурсуна катышып, тест тапшырышат. Кызмат ордунда 5 жылдан ашык иштеген жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери Жарлык күчүнө киргенден тартып, ээлеген кызмат ордунан бошотулду деп эсептелет. Убактылуу директорлук кызматты аркалап турат. Мектеп директорлорун дайындоо конкурстук тандоонун жыйынтыгы менен жүргүзүлөт. Конкурска 5 жылдан ашык иштеген директорлордон сырткары каалаган мугалимдер катыша алат.

Ал үчүн документтердин пакетин Билим берүү министрлигинин сайтына ар ким өз алдынча жиберет. Директорлук кызматка тестирлөө толук автоматташтырылган түрдө өтүп, тест берүү онлайн түрүндө ММК тарабынан чагылдырып, журналисттердин, коомчулуктун көз алдында өтөт. Тестирлөөнүн ачык-айкын, адам факторунун катышуусуз өткөнү бүгүнкү билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевдин РЕФОРМАсынын таза өткөрүүгө аракет кылып жатканын айгинелейт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2236 мектеп бар. Анын ичинен 966 мектеп директору 5 жылдан ашык иштеген. Так ушул 966 мектеп директорлору ордуна тестирлөө болот. Тесттин жыйынтыгы тест тапшыруу бүтөрү менен автоматтык түрдө чыгат. Тестке азыркы 5 жылдан ашык иштеген директорлор жана директор болууга умтулган мугалимдер катышат. Кимдин билими күчтүү болсо, кимдер жогорку балл алса, ошолор гана директор боло алышат.

Анан, чынында 5 жылдан ашык иштеген директорлордун билими күчтүүлөрү тесттен өтүп кайра келиши мүмкүн. Эми андайлар аз болсо керек.

Андыктан туугандар, маселени билип-билбей, айрым директор менен жакшы болуп алып, реформа кылайын деп мамлекеттик масштабдагы иш-чараны баштаган министрге бут тосуп, жөн жерден шыбай бербейли”, - деп жазган ал.

Эске салсак, Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча айрым чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости