www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дан коридору үчүн аракеттер

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерриш, Кара деңизден дан ташууну мүмкүн кылуу үчүн абдан аракет кылып жатышканын билдирди.

Антонио Гутерриш улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, украин данын эл аралык рынокторго ташуу үчүн бүгүн Стамбулда БУУнун өкүлдөрү, Орусия жана Украинанын тиешелүү делегациялары менен сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлө турганын белгилеген билдирүүсүнө байланыштуу суроолорго жооп берди.

Гутерриш данды жеткирүү аракеттерине байланыштуу: "Биз мунун үстүндө чындап иштеп жатабыз. Бирок алдыда дагы көп жол бар", - деди.

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар кечээки билдирүүсүндө, азык-түлүк кризисин чечүү үчүн Улуттук коргоо министрлигинин делегациясынын Орусиянын борбор шаары Москвага барып орус аскер делегациясы менен жолугушканын, андан кийин Украинанын аскердик делегациясынын Улуттук коргоо министрлигине келгенин айтып: 

«Бардык бул жолугушуулардан кийин Украина портторунда күткөн эгиндин деңиз аркылуу эл аралык рынокторго коопсуз ташылышы үчүн Түркия, Орусия Федерациясы жана Украинанын Коргоо министрликтеринин аскердик делегациялары менен Бириккен Улуттар Уюмунун делегациясы Стамбулда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт», - деген. 

24-февралдан бери уланып жаткан Орусия-Украина согушунан улам жүк ташуучу кемелер Украина портторунан чыга албагандыктан, көптөгөн өлкөлөр дан кризисин баштан кечирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости