www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбек Кулубаев коллективине каскак болуп, кагып-силкип, уруша бергени катуу талкууга алынууда. Анткени андан чоң деле эч нерсе колунан келбейт экен. Масштабдуу алкакта ишти алып кете албай майдаланып, үлгү көрсөтө албай, айтор, чайналып жүргөнү белгилүү болду. Азыркы учурда эч нерсени жашыра албайсың. Тышкы саясатыбыз аксап, расмий сапарлар буулуп, тунжурап эле калдык го? Инвестиция тартуу түшкө да кирбегеничи? Министр мындай чабал түрү менен мамлекетибизди артка тартып, элибиздин шоруна калбайбы? Кантебиз? Же бир кыпындай ийгилиги болсо айткылачы?

Лавровдун ымдоосу менен эптеп телефондон сүйлөшүмүш этти. Тараптар кыргыз-орус мамилелеринин актуалдуу маселелерин, эл аралык жана аймактык күн тартибин талкуулашты, ошондой эле, алдыда боло турган тышкы саясий окуяларга байкоо салышып, жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча пикир алышты.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, маектешүүлөр аймактык коопсуздук, «Борбор Азия + Орусия Федерациясы» диалогунун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелерине жана мамлекет башчыларынын Нур-Султандагы саммитин өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун жогорку деңгээлин жана динамикасын белгилешип, Кыргызстан менен Орусия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди мындан ары да чыңдоо жана бекемдөө үчүн жигердүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

 Кыргыз дипломатиясында “жарк” эткен иши көрүнбөгөн, коомчулукка анчалык белгилүү эмес Жээнбек Кулубаев ТИМди жетектеп отурат. Жердиги Ысык-Көлдөн. Министр болгондон бери тышкы саясатты жакшыртууга кандай салым кошуп атканын билбейбиз. Орусия, Кытай сыяктуу державалар, жана башка мамлекеттер менен карым-катыш, байланыштар тоңгон муз сыңарындай турат. Дипломатиялык алакалар боюнча жарытылуу маалыматарды окуй да элекпиз. Тек гана күтүү, белгисиздик...

Эсеп палатасы 2019-2020-жылдардагы бюджеттин аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүп 103 809 500 сом талаага сапырылганын тастыкташты. Ушул министрликке караштуу «Кыргыздипсервис» аттуу мамлекеттик ишкана бар, бул ишкана эмнеге манчыркаганын ким билет жүздөгөн миллион сомун бухгалтердик эсебинде байкамаксан болуп көрсөтүшкөн эмес. Эсеп палатасы эсептеген соң дебитордук карыздарына кийирүүгө мажбур болушту. «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасы 227 100 сомго 5 машинаны ремонттон өткөзүп дешкен, эми алар ремонттон өткөздүбү же кылт этип сугунуп коюштубу ким билет?

Бюджеттин резерви бардыгы 13 523 600 гана сом болгон.ТИМдин 2020-жылдагы балансында пайдаланбаган бюджеттик каражаттар 2020-жылдын 31-декабрына 12 266 300 түзгөн, бул каражат кайдан чыкты?  Бул министрликти 2020-жылдын 14-октябрынан Бабанов койдурган Руслан Казакбаев жетектеп келди, ал эми «Кыргыздипсервис» мамлекеттик ишканасынын Башкы директору 2021-жылдын майында Түркмөнстанга элчи болуп дайындалган Талант Султанов жетектеп келген.

Бабановдун ээрчимеси Руслан Казакбаев кызматтан алынган, ал эми Талант Султанов дардалактап жүрөт. Кызматтан алынар күнү күндүз ал Орусия менен Борбор Азия жумурияттарынын тышкы иштер министрлеринин онлайн-жолугушуусуна катышкан. Ошол конференция тууралуу Кыргызстандын негизги маалымат каражаттары кабар бербегенине караганда, Казакбаевдин отставкасы көптөн бери даярдалып келгендей. Анын ордуна жаңы министр дароо табылганы дагы ошону көрсөтөт. Тез эле 2022-жылдын  27-апрелинде Жогорку Кеңеш Жээнбек Кулубаевди тышкы иштер министри кызматына бекитти. Анын талапкерлигин 71 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок. Андан соң Кулубаев депутаттардын ишенимин актоого жана жыйында айтылган сунуштарды ишке ашырууга аракет кыларын убадалады. Эске салсак, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-апрель күнү кызматтан бошотулган. Президент анын ордуна Жээнбек Кулубаевди алып келген, кызматка толук дайындоо үчүн парламенттин макулдугу талап кылынат. Кулубаев буга чейин президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген

Казакбаев министрликке 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин келген жана ал кезде бул кадам – 9-октябрдагы тополоңдон кийин Казакбаевдин шефине каршы аракеттерди жумшартуу катары кабыл алынган. Ал шеф андан бери өз арактеттерин токтотпогону дагы, андан тышкары, акыркы мезгилде Москвада бир нече генералдын кызматтан алынганы да отставкага себеп болушу мүмкүн. Дипломатияга чейин Казакбаев КГБда иштеген. Айрымдар анын кызматтан кетишин – 15-апрелде Бишкекке АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Узра Зеянын келип кеткени менен байланыштырат, анткени Зея айым – 2015-жылы Атамбаев жокко чыгарган келишимди кайра түзүү тууралуу макулдашып кеткен. Андай да болушу мүмкүн, бирок дипломатиядагы чечимдер демейде мынчалык ылдам кабыл алынбайт.

Козак Орусиядагы Минск келишимдери боюнча жооп бере турган өкүлү болгон. Ал сегиз жыл серпеңдеди бирок Минск келишими бир кадам алдыга жылып койгон жок. Акыры Орусия Украинага атайын операция уюштуруп жатканы белгилүү. Өйдө караса Өзгөндү сүйлөп, ылдый караса ыңкылап тууралуу кеп кылган биздин Козак бар болчу, аны Казакбаев деше турган. Москва менен алаканы бузуш үчүн Москвага барса кыргызча сүйлөп жиберер эле. Бабанов менен кыйбас достугу эске түштүбү жакында «борттон» алыс ыргытылды.  Орусия президентинин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак болсо өткөн жумада Кыргызстанга келип кеткенин күңкүлдөп айтып калышты. Козактын бул сапары тууралуу Бишкек да, Москва да расмий маалымат тарата элек. Маалыматчылар президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы менен байланышып комментарий ала алган жок. Temirov LIVE каналы Манас эл аралык аэропортуна Орусиянын атайын кызматына таандык болушу мүмкүн деген AN 48 учагы 6-апрелде конуп, 8-апрелге чейин турганы тууралуу маалымат жарыялаган. Анда бул учак Кыргызстанга буга чейин дагы эки жолу келгени белгиленет.

2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда 12-октябрда Кремлдин өкүлү Козак Кыргызстанга ошол учак менен келгенин журналисттер аныкташкан. Ал келип кеткен соң 14-октябрда Бабановдун көздөй кишиси Казакбаев министрлик кызмат алат. 2022-жылдын 5-марттында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Москвада Козак менен жолугуп, Украинадагы кырдаалды талкуулаган. 22-апрелде министр Казакбаев кызматтан кетип, ордуна тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп Жээнбек Кулубаев дайындалган. Казакбаевдин кызматынан кетиши Козактын ичин ачыштырып жатабы же жана башка себептери барбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости