www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Батыш өлкөлөрүн "Беларустун ички ишине кийлигишти" деп айыптады. Бул тууралуу ал 26-ноябрда Минскиде Александр Лукашенко менен жолугушуудан кийин билдирди.

Беларус тышкы иштер министри Владимир Макей менен биргеликте өткөн маалымат жыйынында сүйлөп жатып Сергей Лавров Батыш Минскиге одоно түрдө кийлигишип жатканын айтты:

“Сырттан кийлигишүү жана ортомчулардын кереги тийбеген сунуштарысыз эле акылман беларус калкы өз ишин өзү чече алат”.

Лавров “Батыш өлкөлөрү коомдук пикирди бурмалап, өкмөткө каршы күчтөрдү ачык колдоп, түстүү ыңкылап үчүн ыплас ыкмаларды колдонуп жатат” деп сындады.

Белгилей кетсек, Сергей Лавровдун сапары Беларуста президенттик шайлоо өткөн август айынан бери оппозициянын нааразылык акциялары токтобой жаткан учурга туш келди. Бир катар Батыш өлкөлөрү президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай келет. Бирок Лукашенконун режимин расмий Москва колдоп жатат.

Эскерте кетсек, Беларуста 9-августта президенттик шайлоо өтүп, анда өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко жеңип чыкканы кабарланган. Оппозиция шайлоонун жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери миңдеген адам нааразылык акциясына чыгып, Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылууда. Күч түзүмдөрүнүн демонстранттарды кууп таратышы, ашкере күч колдонгону жана журналисттердин кармалып-камалганы эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости