www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алексей Навальныйдын окуясынан улам Германия менен Франциянын санкция киргизиши Евробиримдиктин учурдагы кырдаалга туура баа берүүгө жөндөмсүз экенин далилдеди. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, 15-октябрда Брюссель алты россиялык жаранга жана илимий институтка чектөөлөрдү киргизген. Москва буга өздөрүнө жараша жооп берерин эскерткен болчу.

Лавров Германия Россиянын Башкы прокуратурасынын Навальныйдын иши боюнча бир нече сурамына текебердик менен жооп бербей койгонуна токтолду. Дипломаттын айтымында, бул кылмыш иштери боюнча өз ара укуктук жардам тууралуу Европа конвенциясынын талаптарын аткарбагандык болуп саналат.

"Документке сый мамиле жасоонун ордуна Германия менен Франция россиялык жарандарга карата бир катар мыйзамсыз санкция жарыялады. Өтө кейиштүү, мындай кадамы менен Брюссель өзүн мыйзамдан тыш экенин көрсөтүүгө далалат кылып жаткандай", — деген Лавров.

Министрдин айтымында, дипломатия деген эмне экенин унутуп калган Батыштын Россияга каршы чабуулун Москва жөн калтырбайт.

Лавров Вашингтон менен Брюссель Россиянын өнүгүп-өсүүсүн тизгиндөө боюнча эселеп аракет көрө баштаганын, ошол эле учурда Москваны кайсы айыбы боюнча күнөөлөгөнүн ачыктабай жатканын белгиледи.

ТИМ жетекчиси европалыктардын диалогду жандантууга акылы, көрөгөчтүгү жетет деген үмүттө.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 20-августунда учакта баратып саламаттыгы начарлаган Алексей Навальный Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган. Текшерүүдөн кийин дарыгерлер анын зат алмашуусу начарлап, мындан улам кандагы канттын деңгээли түшүп кеткенин айтышкан. Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз, бейтаптын каны менен заарасынан эч кандай уу табылган эмес.

Кийинчерээк Навальныйды учак менен Германияга жеткиришкен. Шаршемби күнү ГФР өкмөтү аскер дарыгерлерине таянуу менен Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылганын айтып чыккан. Кремль өз кезегинде Берлин Москваны бул тууралуу кабардар кылбаганын айтып, Германия жөнөтүлгөн расмий сурамга жооп берген эмес.

Октябрдын башында Навальныйдын организминен табылган заттар "Новичокко" окшош экенине карабай тыюу салынган препараттардын тизмесинде эмес экени айтылган. Буга карабастан ЕБ Россияга каршы санкцияларды иштеп чыккан.

Ушу тапта Навальныйдын ден соолугу жакшырып, реабилитациядан өтүп жатат.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости