www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлдабекова: «Бюллетендерди кол менен саноо аяктады»

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова парламенттик шайлоодогу бюллетендерди кол менен саноо бардык добушканаларда жыйынтыкталганын билдирди.

Бул тууралуу ал 1-декабрда Боршайкомдо шайлоо күнү БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйында айтты. Ага саясий иш-чарага катышкан партиялардын мүчөлөрү, бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан айрым талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

«Кол менен саноонун жыйынтыктары жана бардык округдардан алынган маалыматтар системага киргизилет. Ошондуктан буга бир нече убакыт керек. Анткени жаңы система менен ар бир участоктон бир эмес 23 протокол киргизилет. Бюллетендерди кол менен саноо аяктады. Бирок протоколдор киргизиле элек. Бирдиктүү округ боюнча 40%, 21 бир мандаттуу округдан 100% системага киргизилди», - деди ал.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат.

Айрым партиялар, шайлоого катышкан кээ бир талапкерлер бюллетендерди кол менен саноо создугуп жатканын айтып, шайлоонун жыйынтыгы бурмаланууда деп күмөн санашууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости