www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясына үгүт өнөктүгү бузулгандыгы тууралуу 24 билдирүү келип түшкөн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйынында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, алардын ичинен БШКга 13 арыз түштү. "13түн ичинен экөө добуш сатуу, бирөө бейбаштык, дагы экөө жалган үгүт материалдарын жайылтуу, калгандары үгүт иштеринин эрежелеринин бузулушу боюнча арыздар түшкөн", - дейт ал.
Шайлдабекова белгилегендей, 13 арыздын сегизин БШК карап чыкты. "Биз бир гана арыздарга эмес, ЖМКлар жарыялаган материалдарга да көңүл буруудабыз", - деди ал.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg