www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоодо партиялык тизме менен бизнес кылган айрым саясатчылар депутатты тандоо укугун элге кайтаруу боюнча сөз кылып калыптыр. Алар партиялык тизме менен шайлоо калкка жек көрүндү болуп бүткөнүн байкашкандай.
Бирок дагы эле айлакерлик кылып, партиялык монополияны башка жол менен сактап калууну көздөшөт. Маселен, Алтынбек Сулайманов “депутатты тандоо укугун элге кайтарган” системасын сунуштаптыр. Анда партия сунуштаган тизмедеги кайсы талапкерди шайлоочу тандаса, мына ошого добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралганы айтылат. Бул система киргизилсе “алдыңкы орундарды сатуу, жердешчилик, тааныш-билиш сыяктуу терс көрүнүштөргө чекит коюлат, анткени мандат талапкер тизменин кайсы жеринде турганына эмес, алган добушуна жараша берилет”-дейт Сулайманов.
Бул система азыркы тоталдык мажбурлоочу партиялык тизмеден жарым кадам алдыга жылыш. Бул жөнүндө былтыртан бери айтып келатабыз. Бирок бул шайлоочуга жана шайлануучуга толук тандоо эркиндигин алып келбейт. Анткени талапкерди көрсөтүү укугу дагы эле партияда кала берет.
Депутатты тандоо укугун элге кайтаруунун эң жөнөкөй жана туура жолу талапкер көрсөтүү укугун партиялар менен бирге жеке инсандарга кайтарып берүүдө турат. Бир мандаттуу округдардан шайлоо өткөрүүдө турат.
Эгерде партия жана анын лидерлери абройлуу болсо, бир мандаттуу округдардан талапкерлерди көрсөтүп, парламентке күчтүү фракция болуп келе алат. Муну менен партиялардын өсүп-өнүгүүсү үчүн жол калат.
Жеке инсандын өз талапкерлигин көрсөтүү укугун калыбына келтирүү менен (окмуштуу, бизнесмен, жаш саясатчы ж.б.) парламентке келишине жол ачылат. Муну менен жаңы саясатчылардын өсүп чыгышына, эң башкысы элдин каалаган депутатын шайлап алуусуна жол ачылат.
Кошмо Штаттарды аласызбы, Британияны аласызбы, Канаданы аласызбы шайлоону мына ушундай жол менен өткөрөт. Партиялык тизмени таңуулоо жок.
2005-жыл февралдагы парламенттик шайлоо эске келет. Мына ошондо Акаевге оппозиция болгон саясатчылар жер-жерлерде бири-бирин колдоп, пикирлештер биригип калган. Алардын бир партияга биригүүсүнө бир кадам калган...
Айданбек Акматов
Булак: NazarNews.kg