www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга белгилүү инсан, чемпион, спорттук тармакта тизмеси алдыңкы саптарда бара жаткан Шайлообек Атазов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Куран окуганда ката кетиргендигин айтып, жарга такады. Атазов Атамбаевге болгон пикирин ачык жазып чыкты.
--Урматтуу Амазбек Шаршенович, кечээ жакынкы аралыкта эле Кой-Таш айылында семиз бука союлуп жатып куран окуйм деп АЛЬ-ФАТИХА суроосун баштаганда эле абдан туура эмес окуду. Куран китеп Аллахтын сөзү! Аны туура эмес окугудай Ивандын же Сергейдин жазган китеби эмес! Куранды туура эмес окуу – чоң күнөө! Өзүңүз Куран окуй албасаңыз айылда аксакалдар, молдолор жок беле! Тегерегинде Атамабаевдин акчасы үчүн сагалап жүргөндөр кичине карап койсоңор ушундай жактарын. Ниязов Фаридге болсо, баары-бир. Аллахтын сөзү курандын урматы болот!Атамбаев Алмаз Шаршенович Сиз кыргыз элин 7 жыл шылдыңдаганыңыз аз келгенсип түлөө өткөргөндө эми Куранды шылдыңдадыңыз! Сиз окуп бүткөндө КУРАНДЫН КУСУРУ УРУП, КУРУП КАЛБАСАНЫЗ экен деп корктум! Кудайым дагы кечиримдүү экен! Сиз кыргыз элин эбак эле тажаткансыз! Сизди эч кимдин көрөйүн деген көзү деле жок! Тегерегиңизде жүргөн кошоматчылар уурдаган акчаңыз үчүн Сизди мактап чоң чуңкурга салганы калды. Эсин барда этегинди жый дейт. Жөн эле элден кечирим сурап күнөөнү моюнга алуу акылмандык! Кандай болсо да мындан кийин тажвид илимин үйрөнгүчө куран окубай туруңузчу! Куран менен тамашалашпаңыз! Туура эмес окугандан уялбайсызбы? Эгер дагы Куранды шылдыңдап окусаңыз мен жеке өзүм үйүңүзгө барып кезигемин.
Сизди урматтоом менен Шайлообек Атазов.
Булак: NazarNews.kg