www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Шайлообек мырза, АКШ мурдагы кыргыз аткаминери Райымбек Матраимовду «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» кошту. Ал тизмеге кошулуп калышы кооптуулукту жаратабы же мааниге деле ээ эмеспи?

- АКШнын «магнитский» деген кара тизмесинен коркпошубуз керек. Тагыраагы, «магнитский» тизмеси динсиздердин ойлоп тапкан бир кудайчасы! Биз чыныгы Кудайдын акыреттеги тозоко жазган кара тизмесинен коркушубуз керек!

Чынында элдин баарын кооптондурабыз деген ойдо түзүлгөн Американын «магнитский» деген кара тизмесинин күчү деле жок. Ошондой болсо да АКШ таасирибизди көрсөтөбүз деген максатта Россиянын менмендеген бизнесмендерин да «магнитский» тизмесине киргизип алган дешет. Бирок, бул тизмеге негизинен мамлекеттик кызматкерлер, адам укуктарын сыйлабаган чиновниктер кирет экен. Ал жагын эске алсак, Райымбек Матраимовдун мамлекеттик кызматта иштебегенине 4 жыл болду. Ага карабай аталган кара тизмеге киргизгендерине караганда АКШнын чоң кызыкчылыгы же бир мандем бар.

Тагыраагы, АКШнын кара тизмесин шылтоо кылып, коомчулуктун пикирин өзгөртүү, аны кооптуу адамдай көрсөтүү аракети катуу жүрүп жатат. Эгер АКШ адилеттүүлүк үчүн күрөшүп, коррупциялашкан системаны сындырууга чындап жардам берүүнү кааласа, анда мамлекеттик кызматта иштеп турганда, ири коррупциялык долбоорлорду ишке ашырган, Сапар Исаковду, Аскарбек Шадиевди, Кубанычбек Кулматовду, Алибек Ибраимовду да кошмок. Райымбек Матраимовдон жогорку кызматтагыларды калкалап, алар тууралуу ооз ачпаганына караганда Матраимовду саясий буйруктун жана кимдир бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн кара тизмеге киргизген деген тыянак чыгарсак болот.

- «Магнитский акт» тизмесине мурдагы чиновниктин кирип калышы Кыргызстанга болгон АКШнын кандайдыр бир басымы дегендер да четтен чыгууда... Бул боюнча не дейсиз?

-Америка бул кадамы менен өзүнөн жарды мамлекетке басым көрсөтүп жатат десек да болот. Басым кылып, теңине албаганы үчүн АКШнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү келекелеп сүйлөп, орунсуз кептерге жол берди да. АКШнын бул кадамына Кыргызстандын Тышкы иштер министри туура жооп кайтарды. «Ички ишибизге кийлигишүү» деп туура баа берди. «Магнитский акт» тизмесине киргизгидей Райымбек Матраимов тарабынан адам укуктарын бузуу, басмырлоо болгон эмес.

Ал тургай кылмышкер дегидей эч кандай факт да жок. Ошондой болсо да коомчулукка жаман көрсөтүп, Американын максатын орундатуу үчүн батыштан каржыланган маалымат булактары тарабынан азыркы 2 жылдан бери эле максаттуу караланып келе жатат. Элчинин сөзүнөн кийин Азаттык жана башка батыштан каржыланган маалымат булактары Райымбек Матраимовго жөн эле асылбаганы ачык эле байкалып калды. «Азаттыктын» Матраимовдон башка иши калбагансып, күн сайын элди ынандыруу үчүн түрдүү маалыматтарды жарыялап жатат. Алар канчалык каралашпасын Райымбек Матраимов Кыргызстандын патриоту. Батышчылдарга караганда Кыргызстан үчүн ошол көбүрөөк күйөт, элине жардам берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости