www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Париж соту Франциянын мурдагы президенти Николя Саркозини 2012-жылдагы шайлоо өнөктүгүн каржылоого кеткен чыгымдан ашкан иш боюнча бир жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Франциянын экс-президенти жазасын үйүндө электрондук көзөмөл астында өтөшү керек», -  деген чечим чыгарган судья.

Сот Саркози үгүт иштерине сарптоолордун мыйзамдуу чеги жөнүндө кабардар экенин жана чыгымдардын мүмкүн болгон ашыкча чыгымдары тууралуу эскертилгенин аныктаган. Буга карабастан, Саркози үгүт кампанияларын уланта берген.

Прокуратура Саркозини алты айга камоону талап кылган. Мындан тышкары, айыптоочу дагы алты айга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну жана 3750 евро айып пулду сураган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости