www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга чара көрүү боюнча мыйзам долбоорун кайра иштеп чыкты. Документте мындан тышкары добуш бербеген жарандардын аңчылыкка чыгуу үчүн берилген укугунан же лицензиясынан ажыратуу каралган. Депутат бул ирет шайлоого катышпаган жарандарга мамлекеттик мекемелер үч айдан алты айга чейин маалыматтарды бербей коюусун сунуштап жатат.
Икрамов буга чейин шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу боюнча мыйзам долбоорун даярдап, 13-июлда коомдук талкууга койгон. Кийин Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында бул документти артка чакыртып алганын, мыйзам долбоору толукталып кайра талкууга коюларын билдирген. Сунушка Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоо да негиз болгон. Анда 124 908 шайлоочунун 17 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон.
2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 млн 700 миңге жеткен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg