www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Суваналиев аналитик Нарын Айыпка берген интервьюсунда: «5-октябрда Садырды өзгөчө өлкөнүн Түндүк тарабындагы жараандар колдоп кетишти» деп сүйлөп салды. Бул сөздү бир караганда көп деле мааниге ээ болбогон сөз деп койсок болот, эгер жөнөкөй жараандар «балп» эттирип койсо. Ал эми генерал Суваналиевге бул сөздү айтыш таптакыр жарашпайт», - деп жазды активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн Facebook баракчасына.

«Балык башынан сасыйт дегендей, баардык балакет жогор жактагылардан башталат. Эгер эле карапайым элдин башын айлантышпай өз жайына коюшса, Түндүк-Түштүк проблемасы таптакыр эле унутулуп кетмек. Ошондуктан эл башкаргандар, элге үлгү болчу адамдар, эл ичинен чыккан кыйындар эң оболу ойлонуп алып, андан кийин сүйлөшсө жакшы болмок. А биздикилер: биринчи сүйлөп алышып, андан соң ойлонушат. Ойлонушарына деле көзүм жетпейт.

Генерал Суваналиев аналитик Нарын Айыпка берген интервьюсунда: «5-октябрда Садырды өзгөчө өлкөнүн Түндүк тарабындагы жараандар колдоп кетишти» деп сүйлөп салды. Бул сөздү бир караганда көп деле мааниге ээ болбогон сөз деп койсок болот, эгер жөнөкөй жараандар «балп» эттирип койсо. Ал эми генерал Суваналиевге бул сөздү айтыш таптакыр жарашпайт. Биринчиден: Садырды жалпы кыргыз эли колдоду.

Экинчиден: ошол күнү Садырды колдогондорду «өлкөнүн кайсыл аймагынан келдиң» деп сурамжылап, тизмесин алган адам бар беле?

Үчүнчүдөн: борборубуз Бишкекте, Бишкектин айлана чекесинде очор-бачар болуп жашап жатышкан түштүктөн баргандарды каякка бекитебиз, себеби алардын саны деле аз эмес. «Түштүктүк басып кетишти» деп былтыр эле хан сарайда Атамбаев баш болгон жугундукорлор ичи өтүшүп кыйкырып жатышпады беле? Ошолор деле Садыр деп чыгышты да.

Төртүнчүдөн: Атамбаевди ээрчип Садырга каршы чыккан жугундукорлор жалаң түндүктөн экенин эсепке алсак, демек таразанын эки жагы бирдей эле болуп калат, тоесть Түндүк-Түштүк тең эле колдогон болуп калабыз.

Бешинчиден: ошол тополоңдо генерал Суваналиев өзү Садырды колдоду деген сөзгө менин башымды кесип салсаңар да ишенбейм. Так что орустар: «чье корова мычала, а твоя бы молчала» дегендей, бирөөлөр сүйлөбөй эле койсо болмок.

Алтынчыдан: «жөжөнү күздө санайбыз» дегендей, Субаналиев шашпай турсунчу: Көрөбүз эртең шайлоо жыйынтыгында Садырды кимдер, кандай шайлайт экен?

Мен жер, эл бөлгөндү жаман көрөм. Бирок өзүм түштүктүн кулуну болгон үчүн, түштүк элине сөз тийгизгенди, ачык эле бөлгөндөрдү, өздөрүн түштүктүктөн бийик көргөндөрдү аябайм, себеби ит деле итаягын кооруп ичет экен.

Эгер Суваналиев ошол төрт сөздөн турган былгытмасын айтпаганда, менин оюма мынча арам нерселер кетпейт эле.

Кудай буюрса Садыр баш болгон жаңы бийлик келгенде, «коррупция» деген кыргызды итке мингизген апаат менен кошо түштүк-түндүк деп бөлүнгөн айыкпас кеселибизден да таптакыр арылтат деген үмүттөмүн», - дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости