www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер Бактыбек Калмаматов «жиндиканага» жатышы керекпи? Мындай пикирин Шамурза Бөрукулов өзүн социалдык баркчасына жазып чыкты. 

«Эч кимге сөз бербеген ажаан катындай болгон наадан! Эмне, Курманбек дегидей Бакиевдин бешигин терметтиң беле? Тарбия көрбөгөн макулук, ушул турушуң менен кантип президент болом деп жулкунуп жатасың?

«55 жаштан өткөндөрдү укпагыла» дейсиң. Кыпкызыл эле дөөдүр турбайсыңбы. Сенин оюң боюнча: 55 жашка чыккан адам иштен калып, эч нерсеге жарабаган «крит» болгон адам экен да?

Каякта калат кыргыздын улууларды сыйлаган, айтканын эки кылбай аткарган  улутубуздун салты? Сен ушул турушуңда өзүңдү чоңойткон атаңды да сыйлабайсың, өпкөсү жок «пустослов».

Улууларды сыйлабаган сендей президент жиндиканадагы жиндилерге эле керек болбосо, кыргыз элине керегиң жок. Сен бир бүтүн элге президент эмес, айылда он адамга бригадир да боло албайсың ушул турушуңда.

«Өз агасын агалай албаган, башка бирөөнүн эшигин сагалайт» дегендей, өз жериңен чыккан Жээнбековду президенттик убагында тынбай жамандап келдиң.

Эми сага Садыр Жапаров жакпай калдыбы? Атамбаевдин алты жылында Текебаевдин байлап койгон итиндей болуп, азыркыдай аңкылдабай пысып жаттың эле.

Жээнбековдун жооштугунан пайдаланып бир кулач тилиң жер шыпырып калды. Башын жулган тооктой болуп калтаңдап, өзүңдү токтото албай жиндичалыштарга окшоп жүргөнүңдүн себеби, өткөндөгү парламенттик шайлоодо сени эч бир партия кабыл албай коюшту. А түгүл илгери сага интригадан сабак берип чоңойткон Текебаевиң да эшигин жаап алды, сени «ПОШЕЛ» деп.

Сен адегенде Бакиевдей такшалган, дасыккан, тажрыйбага ээ болгон, мамлекетти 5 жылда өнүктүргөн, 500 млн доллар карызды азайткан президент болуп алчы.

Бакиев ошол сен айткың келбей жашырган Атамаев, Текебаев, Отунбаевалардын курмандыгы болду. Эгер эле сен Максимдей башың иштегенде, интеллектуалың жогору, илим-билимдүү болуп калсаң, алигиче кыргыздарды тебелеп кетмек экенсиң, колуңан эшектин тушоосун чечиш келбей жатып лөлү катындардай ажылдайсың.

Максим азыр болгондо, азыркыдай карызга батып, ушинтип ит тытыш болбой, качан эле завод-фабрикалар курулуп, карыздан кутулуп, тескерисинче кошуналарды карыз кылып, мигранттын баары келип бүтмөк жумушчу орундар түзүлүп. Айлык акылар асманга чыкмак, эгер Бакиев азырга чейин иштеп турса. Сен эми Сегизбаев экөөң Атамбаев, Отунбаева, Текебаевдин тоту кушуна айланып калдыңарбы, ошолордун сөзүн сүйлөп.

Эки сөзүңдүн бири: «жаштар, жаштар» - деп бакылдайсың. Жаштардын бири сенби? Эми кыргыз элине атасын да сыйлабаган, «улууларды укпагыла» деп, улгайган адамдарды эрте күндө көргө тыккан сендей тарбиясыз көчө президент жетпей жатат эле. Эмне, сен 55ке чыкпайсыңбы?

Биз салабаттуу, сабырдуу, жөнөкөй, ыссык-суукту көргөн, сага окшоп бирөөнүн тоту кушу болбогон Президентти шайлап алабыз. Ылайым эле ниетиң өзүңө шерик болуп, картайган кезиңде жаштардан сый, ызат-урмат көрбөй кал. Башка сөз жок сага, - дейт Шамурза Бөрүкулов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости