www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын ЛДПР партиясынын лидери Владимир Жириновский АКШнын президенти Дональд Трамптын кызматта калышынын акыркы мүмкүнчүлүгү өлкөдө чукул режимдин киргизилиши деди. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegramm каналына жазды.

«Трамп президент болуп турганда, бардыгы ага баш ийишет: ал керексиз прокурорлорду кызматтан кетирип, сотторду алмаштырып, аскер кызматкерлерине буйрук бере алат - бардык ыйгарым укуктарды максималдуу колдонот», - деди саясатчы.

Ал кошумчалагандай, эгер Трамп бул мүмкүнчүлүктү колдонбосо, жакынкы төрт жылда демократтар аны жөн эле жок кылышат.

Белгилей кетсек, Трамп өлкөдө өзгөчө кырдаалды 2020-жылдын 13-мартында жарыялаган. Ал чукул режимдин киргизилиши коронавируска каршы күрөшүү үчүн 50 миллиард долларга чейин каражат бөлүүгө мүмкүндүк берет деп түшүндүргөн.

Эске салсак, 15-декабрда АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер Джо Байден президенттик жарышта жеңишке жетүү үчүн зарыл болгон шайлоочулардын добушун алгандыгы белгилүү болду.

Ал эми Трамп АКШдагы президенттик шайлоодо жеңилгенин моюнга алуудан бир нече жолу баш тарткан. Анын айтымында, Байден шайлоодо «солкулдап турган алты штатта тең чоң айырма менен» утулган.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости