www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - АКШда учак кулап түштү

АКШнын Мичиган штатында чакан учак турак үйдүн үстүнө кулап, үч адам каза болду. Бул тууралуу «Fox 2» телеканалы шериф Майк Бушарддын билдирүүсүнө шилтеме берүү менен кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктан учкуч жана учактын эки жүргүнчүсү каза болду. Учак кулаган турак үйдүн жашоочулары имараттан чыгып кетишкен. 

Турак үйдүн жашоочуларынын арасында жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу азырынча так маалымат жок.

Окуя боюнча тергөө иштери уланып жатат.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости