www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш ЖККУнун ынтымагын ыдыратуу боюнча аракет жасап жаткан учурда Орусия союздаштарына ар тараптуу колдоосун көрсөтөт. Бул тууралуу РИА Новости РФтин коргоо министри Сергей Шойгу ЖККУнун коргоо министрлеринин видео байланыш аркылуу өткөн отурумунда айтканын жазды.
"Батыш өлкөлөрү ЖККУ мамлекеттеринин ортосундагы союздук алакаларды бүлүндүрүү боюнча максаттуу иштерин жүргүзүп жатат. Биздин союздаштарга кандай басым жасалып жатканын билебиз. Коркутуу, опузалоо, кутумчулук ыкмалар пайдаланылууда. Мындай нерсенин баары ийиндешип иш алып барууну, жасала турган кадамдарды активдештирип жана так координациялап алууну талап кылат. Орусия союздаш өлкөлөргө өзүнүн эгемендүүлүгүн коргоп калууга жана сырттан жасалган кооптуулукту жоюуга көмөктөшүүсүн улантат", — деди Шойгу.
Ал ЖККУнун чек араларында чыңалуунун көпкө чейин жанбай турган очоктору пайда болуп жатканына токтолгон. Мындай шарт жамааттык коопсуздук келишим системасына киргендердин күчүн, каражатын үзгүлтүксүз өркүндөтүп турууну жана так координациясын талап кыларын белгиледи. Андан сырткары, кризистик кырдаалдарга дароо реакция кылуу жана чечим кабыл алуу механизмдерин жакшыртуу туурасында да сөз болду.
Шойгу Орусия Киевди Батыштын колдоп жаткандыгына жана ага жасалган басымдарга карабай Украинадагы атайын операциясын улантарын белгиледи.
"Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Украинага чабуулу жөнөкөй жарандардын эвакуацияланышына мүмкүнчүлүк бериш үчүн жай жасалып жатат. Батыштын Киев бийлигине берген масштабдуу жардамына, Орусияга жасаган санкциялык басымдарына карабай бардык милдеттер аткарылмайын атайын аскердик операцияларыбызды улантабыз", — деген ал.
Министр Украинанын өзөктүк курал түзүүсү жана ага каражат жеткирип берүү жаатында чыныгы кооптуулук жаралгандыгын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg