www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Королдуктун курамынан Шотландиянын өз алдынча чыгышы кыйын болду. Тагырагы, мындай референдумга Британия премьер-министр Борис Джонсон каршылыгын билдирди. 
Ал билдирүүнүн мазмуну Джонсондун Твиттердеги баракчасында дагы жарыяланган. 

Джонсондун билдирүүсүндө: " Мен бүгүн Шотландиянын биринчи министри Никол Стердженге кат жаздым. Шотландия эли 2014-жылы чечкиндүү түрдө Бириккен Королдукту сактоо үчүн добуш беришкен. Анын жыйынтыгын Шотландия менен Британиянын өкмөтү милдеттүү түрдө сыйлашы керек. Келгиле 2020-жылды баардык Улуу Британияда өсүштүн жана мүмкүнчүлүктөрдүн жылы кылабыз”, - деп жазылат. 

Белгилей кетсек, 2019-жылы шотландиялык жетекчилер эркин өлкө болуу талабын коюп келишет. Бирок, аларга  жооп кылып, Джонсон ноябрь айында, кезектеги референдум өткөрүүгө жол бербей турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости