www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

G20 саммитинин катышуучулары тамак-аш жана энергетика тармагындагы көйгөйлөрдү чечиши керек. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин бул маселелерди чечүү үчүн чукул чараларды сунуштады.

«Азык-түлүк жана энергетика маселелерин саясатташтырууга жана куралдандырууга чечкиндүү каршы туруу керек, бир тараптуу санкцияларды алып салуу жана тиешелүү илимий-техникалык кызматташтыкка чектөөлөрдү алып салуу керек», - деп үндөдү ал.

Анын айтымында, азыркы кризистен чыгуу үчүн жеткирүү түйүндөрүн калыбына келтирүү, ошондой эле эл аралык кызматташтыктын алкагында ишти баштоо зарыл.

Мындан тышкары, Си Цзиньпин казылып алынган энергияны колдонууну азайтуу жана экологиялык жактан таза энергия булактарына өтүү механизмдерин түшүндүрдү. Анын пикири боюнча, бул процесстердин журушунде экономиканы жана калктын материалдык турмуш-тиричилик шарттарын биринчи орунга коюу керек.

Эске салсак, буга чейин Индонезияда өткөн Чоң жыйырмалыктын саммитинде Кытай лидери Украинада ок атышууну токтотууга чакырган. Ал ошондой эле Бээжин Москва менен Киевдин ортосундагы сүйлөшүүлөргө көмөктөшүүгө даяр экенин белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости