www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баатыр жолборс болуш оңой, бирок баатыр коён болуп көрчү

Душманга каршы туруш үчүн чоң эрдик керек, бирок досторуңа чындыкты айтыш үчүн андан да чоң эрдик талап кылынат.

(Джоан Роулинг)

Сенин атаң баатыр болгон, Уэйд. Ал сенин апаңа үйлөндү, чынбы? Ушунун өзү анын баатыр экенин далилдеп турат.

(Маргарет Митчелл)

Шайыр адамдар адатта эр жүрөк болушат, эң биринчи ошолор шейит кетишет.

(Эрнест Хемингуэй)

Өлгөн кыйын деле эмес, ал эми жашаш үчүн эрдик керек.

(Хамура Кенсин)

Колуңа тикен сайылмайынча атыр гүлдү үзө албайсың.

(Абулкасым Фирдоуси)

Күтүүсүз кырдаалга туш келгенде баары эле коркот.

(Гай Юлий Цезарь)

Коркуу сезими баарында эле болот, бирок коркунучка тик карай алгандарда эрдик, баатырдык бар.

(Эрнест Хемингуэй)

Бакыт – баатырлардын шыбагасы.

(Эрих Мария Ремарк)

Коркуу – коркоктуктун далили эмес, эрдик көрсөткөнгө мүмкүнчүлүк.

(Джон Маккейн)

Азыркы заманда боорукер болгон алсыздык эмес, баатырдык.

(Мишель Мерсье)

Коркуудан арылуу албетте чоң нерсе. Бирок, баатырдыкты акылсыздык менен чаташтырбаш керек.

(Роберт Де Ниро)

Жалгыздык мени баатыр кылып койду.

(Алекс Флинн)

Кан майданда ар бир адам баатыр боло алат, себеби, баатыр болбосоң сени өлтүрүп салышат.

(Маргарет Митчелл)

Зиректик – баатырлардын эң мыкты сапаты.

(Уильям Шекспир)

Ыңгайлуулук канчалык көп болсо, жоокер ошончолук суу жүрөк болот.

(Александр Суворов)

Даанышмандык болбосо баатыр болгон коркунучтуу.

(Джеки Чан)

Бирөөнү коргоого жөндөмсүз киши өзүн деле коргой албайт.

(Фидель Кастро)

Ким баатыр болсо, ал тирүү. Ким эр жүрөк болсо, дене-бою аман соо.

(Александр Суворов)

Жадагалса курт-кумурсканын да өзүнө жараша эрдиги бар.

(Япон накылы)

Атам бир аз чечкиндүүрөк болгондо, мен үч жыл мурда туулмак экенмин.

(Марсель Ашар)

Баатырдык жаштыкка эң сонун көрк берет.

(Эрих Мария Ремарк)

Баатырдык дайыма эле кыйкыра бербейт. Кээде үнүн акырын чыгарып, “эртең дагы бир жолу аракет кылып көрөм” деп айтат.

(Мэри Энн Редмачер)

Эр жүрөктүк жеңилип калса да сыйга татыктуу.

(Эмилио Сальгари)

Душманыңды аяш үчүн аны өлтүргөнгө караганда да көбүрөөк эрдик керек.

(Мария Семенова)

Баатыр жолборс болуш оңой, бирок баатыр коён болуп көрчү.

(Япон накылы)

Алыста турганда баатыр болуш оңой.

(Эзоп)

Баатырдык – бул дененин күчтүүлүгү эмес. Адам денеси күчтүү, бирок жүрөгү чабал болушу мүмкүн. Жүрөгү күчтүү киши гана чыныгы баатыр.

(Ибн Таймия)

Жолборстун сакасын кармаган ар бир эле кишинин колунан келет, бирок баатыр гана аны мыкчый алат.

(Стивен Кинг)

Баланын баары туулганда баатыр болуп туулат.

(Владислав Крипивин)

Эр жүрөк киши гана башкалардын эрдигин баалай алат.

(Вероника Рот)

Желмогузга “сен желмогузсуң” деп айталган киши гана чыныгы баатыр.

(Джеймс Абрам Гарфилд)

Булак: Азия News гезити

Последние новости