www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индонезиянын президенти Жоко Видодо G20 саммитинде дүйнө жаңы кансыз согуштун алдын алышы керектигин баса белгиледи. 

"Эгерде согуш токтобосо, анда дүйнөнүн алдыга жылышы кыйын болот. Биз дүйнөнү бөлүктөргө бөлбөшүбүз керек. Биз дүйнөнү дагы бир кансыз согушка батырууга жол бербешибиз керек", - деди мамлекет башчысы.

Белгилей кетсек, Чоң жыйырмалыктын саммити Индонезиянын Бали аралында 15-16-ноябрда өтүүдө. 

G20 саммити экономикалык маселелерди карайт, саясат анын күн тартибине таасир этпеши керек. Ушул эле учурда Индонезия өкмөтү АКШ жана анын союздаштарынын сунушу боюнча Украинаны да иш-чарага чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости