www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкалар сыяктуу эле Кемпир-Абад боюнча материалдарды алган депутат менен сүйлөштүм. Буга чейин бул депутат мага президент Садыр Жапаров менен чек ара маселеси боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Камчыбек Ташиевдин позициясынан күмөн санап, ал тургай кароодо ратификацияга каршы добуш берерин айткан.
Бирок келип түшкөн документтерди карап чыгып, 180°ка өз оюн өзгөрткөн. Эми ал биздин позициянын тууралыгына толук ишенет жана Кемпир-Абад боюнча өлкө жетекчилигин эч кандай шартсыз колдойт. Оппозициянын, айрым айылдардын тургундарынын нааразычылыктары жана пикир келишпестиктери боюнча берген суроолорума, бир канча жерлерибизден кол жууганыбыз тууралуу аргументтердин баары жаңылыштык, биз эч нерсе жоготкон жокпуз, тескерисинче, утуп жатабыз деп жооп берди.
Анын айтымында, буга чейин Садыр Жапаров белгилегендей, талкуу ачык өтүп, Кемпир-Абад боюнча биз чыгарган чечимдин тууралыгын эл текшере алат.
Мен ага көп суроолорду берип, бардыгына кеңири жоопторду алдым.
Мен алдын ала эч нерсе айткым келбейт, бирок, менде Кемпир-Абад кризисин жеңип чыктык деген сезим пайда болду.
Булак: NazarNews.kg