www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкекте мектеп окуучулары үчүн автобусттар каттай баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда маалымат жыйында Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоор сынак иретинде үч айга 5-7 мектепте ишке ашырылып, бул багытта Schoolbus ЖЧКсы иштейт.

«Бул долбоор болжол менен келерки жылдын январь айына чейин иштейт. Анын себеби, бул долбоор өзүн актайбы билишибиз керек. Бир-эки күндө автобустардын каттамын түзүп беребиз. Биринчи этапта ISUZU үлгүсүндөгү 2 автобус болот. Долбоор ийгиликтүү болсо, мектеп окуучуларын ташыган атайын автобустар сатып алынат», — деди ал.

Ал белгилегендей, учурда мектеп директорлору, ата-энелер комитети Schoolbus ЖЧКсынын жетекчилиги менен жол кире акысы канча болору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости